www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов өзү жазган арыздын негизинде иштен кетти. Ал эми Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов жана Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насировго сөгүш берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев "Азаттыкка" билдирди.

Айрым бир маалыматтарга караганда, Түп районунун акими Каныбек Абдиев дагы кызматын тапшырды, бул маалымат азырынча расмий ырастала элек.

Жаныбек Кожоев алты айдын жыйынтыгы менен ишинде начар жыйынтык көрсөткөнү үчүн Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдерин иштен алуу тууралуу президенттик администрацияга сунуштама берилгенин бышыктады.

Калыбек Жумадылов менен Каныбек Абдиев аким кызматтарына президенттин жарлыгы менен 2021-жылдын май айында дайындалышкан.

Последние новости