www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эмгек кодексине ылайык, ысык аба ырайында иш убактысына атайын чектөө каралбагандыгын билдирди.

«Эмгек мыйзамдарына ылайык, иш берүүчү коопсуз жана ден соолукка зыян келтирбеген эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү. Бул эмгекти коргоо талаптарын сактоону жана өзгөчө жогорку температура шарттарында иштеген кызматкерлердин ден соолугун коргоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү камтыйт.

Эгерде эмгек укуктарынын бузулушу же кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган жагдайлар пайда болсо, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү жана колдонуудагы мыйзам чегинде чара көрүү үчүн эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматына кайрылуу сунушталат«,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызгидромет 16-17-май күндөрү күн 40 градуска чейин ысый турганын билдирген.

Последние новости