www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысыктан 5 күндө 1000ден ашуун адам каза болду

Европада 1000ден ашуун адам ысыктан улам каза болду жана жакынкы апталарда каза болгондордун саны көбөйүшү күтүлүүдө, деп билдирди BNO News.

10-15-июль аралыгында Испанияда 360ка жакын адам, Португалияда 659 адам абанын температурасынын жогорулашынан улам каза болгон. Бийлик жакынкы апталарда Улуу Британияда жана Францияда көптөгөн өлүмдөр болорун болжолдоп, жогорку температурадан улам "коңгуроо" кагууда.

Карлос III Саламаттык сактоо Институту Испанияда ысыктан кеминде 368 өлүм катталып, эки өлкөдө тең каза болгондордун жалпы саны 1,027ге жетти деп маалымдайт.

Каза болгондордун бири 60 жаштагы дворник болгон, ал 15-июлда түштөн кийин Мадридде иштеп жүрүп жыгылган. Тез жардам кызматы келгенде анын дене табы +41,6 болгон. Ал эртеси күнү каза болгон.

17-июлда абанын температурасы 44 градуска жеткен батыш Франциянын айрым аймактарында кызыл кооптуу деңгээл жарыяланды. Улуу Британиянын Мете-офиси да Англиянын кээ бир аймактарында абанын температурасы 40 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн деп, кызыл эскертүү жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости