www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-июлда коррупцияга каршы координациялык кеңештин отурумунда архитектура жана курулуш тармагындагы жемкорлук талкууланды.
Анда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы коррупцияга айыптаган вице-мэрге болушту.
Мамкурулуш агенттигинин башчысы Нуртазин Жетибаев азыркы учурда Бишкектин вице-мэри болуп иштеп жаткан Бактыбек Абдиевди курулуш агенттигин башкарып турганда коррупцияга аралашкан жана жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берген, курулуштарга уруксат берген деп айыптады.
Ал Мамлекеттик курулуш агенттигинде мурда иштеген деп фамилиясы Асаналиев аттуу кишини да коррупцияга аралашкан деп, учурда алар мэрияда иштеп жатышканын белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул айыптоолор боюнча мэр Эмилбек Абдыкадыровго суроо салды. Мэр аты аталган кызматкерлерге расмий айыптоо жок экенин айтып, аларды кесипкөй адис катары сыпаттады.
Булак: NazarNews.kg