www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен аптаптуу ысыктан кантип сактануу керек экендиги тууралуу айтып берип, бир катар эрежелерди сунуштады.

ӨКМден белгилешкендей:

Аптапта ичкен тамак-аш маанилүү роль ойнойт. Маселен, күн ысыкта ичтен жылыткан тамактар бал, чочконун майын жебеңиз. Жатар алдында эт, оор тамактардан алыс болуңуз, анткени оор тамактарды сиңирүү дененин температурасын жогорулатып, тердин чыгышын күчөтөт. Денени муздатып, ысыкка ыңгайлашууга жардам берген азыктар курма, банан, бардык жашыл жана ак түстөгү мөмө-жемиштер жана жашылчаларды жеңиз.

Тез бузулуучу тамак-аштардан этият болуңуз. Аларга бардык сүт азыктары, анын ичинде балмуздак, даяр салаттар, каймак кошулган токочтор, кайнатылган колбаса, жаңы жана туздалган балык кирет. Ошондой эле көчөдөгү күркөлөрдөн эт толтурулган пирожки, самса ж.б. азыктарды сатып алуудан баш тартуу керек.

Суюктук ысык аба ырайында болуп көрбөгөндөй маанилүү. Анын көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылыңыз. Ысыкта организмде тер күчөгөндүктөн, суунун балансы бузулат, ошондуктан күнүнө 3,5 литрден кем эмес суюктук ичүү керек. Таттуу, газдалган суусундуктарды ичүүгө болбойт, алар чаңкоону кандырбай тескерисинче суусоону гана күчөтөт. Жөнөкөй суунун ордуна, курамында суу көп жашылча-жемиштерди алсаңыз болот. Алардын жардамы менен организм витаминдердин жана минералдардын кошумча бөлүгүн алат. Ысык көк чай ысыкта да пайдалуу: жылуулук өткөрүүнү жөнгө салат. Мөмө-жемиш суусундуктарына, ширелерге, минералдык сууларга артыкчылык бериңиз.

Эртең мененки ондон кечки жетиге чейин ысыкта сыртка чыкпаганга аракет кылыңыз. Карыларга жана балдарга өзгөчө көңүл буруңуз. Алардын организми ысыкты жаш жана орто жаштагыларга караганда оор көтөрөт. Гипертония жана жүрөктүн ишемиялык оорусу, кант диабети, калкан бези, семирүү, онкологиялык оорулары бар, инфаркт же инсульт менен жабыркагандар жайкысын этият болуусу керек.

Эгерде сизде саналып өткөн оорулардын бири болсо, мүмкүн болушунча күндүзү сыртта азыраак болууга аракет кылыңыз жана физикалык көнүгүү менен алек болбоңуз, бакчадагы физикалык күчтү талап кылган иштерди башка убакытка жылдырыңыз.

Жеңил табигый кездемеден тигилген кийимдерди кийген жакшы. Ачык түстөр күндүн нурун чагылдырса, кара түстөр аны өзүнө сиңирип алат. Терезелерди жарык чыпкасы же кадимки ак кагаз менен чаптаңыз, бул бөлмөдөгү температураны бир нече градуска төмөндөтөт. Суу процедуралары да пайдалуу, ийиниңизге нымдуу жоолук салып, колуңузду жана бетиңизди ным сүлгү менен сүртүңүз, кездеме кургары менен процедураны кайталаңыз.

Ысык аба ырайында күндүн нуруна каршы профилактикалык чараларды көрүү маанилүү. Күнгө чыкканда жоолук, бейсболка же панама, шляпа болобу дайыма баш кийим кийүү керек. Ысык күндө сыртта уктоо жана узакка жүрүү сунушталбайт.

Эгер адамга ысык өтүп кетсе, дароо 103 же 112 телефонуна чалып (уюлдук телефондон) тез жардам чакырыңыз.

Тез жардам келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылыңыз. Жабырлануучуну көлөкө же салкын бөлмөгө алып барыңыз. Аны чалкасынан жаткырып, башынын астына бир нерсе коюп, кийимдерин чечип, денесин сүртүп, жабырлануучуга суу куюп койсо болот. Өзгөчө кырдаалдарда, адам эсин жоготкондо, дем алуу жана тамырдын кагуусу сезилбей калганда, дарыгерди күтпөстөн, жасалма дем алдыруу жана жүрөккө жабык массаж жасоо сунушталат.

 

Последние новости