www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл-Кыя шаарынын 2 тургуну баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну М.М. менен А.Т. жарандарга баңгизат сатууну алдын ала сүйлөшүп, Баткен облусунун аймагында баңгизат сатуу боюнча туруктуу канал түзүшкөн.

5-майда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Май айында Кызыл-Кыя шаарынан М.М. менен А.Т. сатууга алып келишкен баңгизатына далил буюм катарында бир нече жолу “контролдук” сатып алуу жүргүзүлүп, дайындалган соттук-химиялык экспертизасынын корутундусуна ылайык, алынган зат 30 грамм “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталган.

Тергөө учурунда М.М. менен А.Т. башка дагы кылмыш ишин жасагандыгы аныкталган. Тактап айтканда, шектүүлөр Баткен облусунда баңгизаттарын сатуу боюнча туруктуу канал түзүшүп, бир нече убакыттан бери мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жүрүшкөн.

30-майда Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айыл аймагынан “Мерседес-Бенц С-180” үлгүсүндөгү унаада кармалып, унаадан “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча жогорудагы кармалган жарандар баңгизатты сатуу максатында Ош облусунун аймагынан Баткенге ташып келип жүрүшкөн.

 31-майда шектүүлөр М.М. жана А.Т. Баткен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына  киргизилген.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости