www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети стратегиялык объектилердин тизмесин Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле бекитип же чыгарууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштады.

Аталган демилге бүгүн парламентте экинчи окууда каралып, көптөгөн талаш тартыштан кийин четке кагылды.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов тизме Коопсуздук кеңешинин сунушу менен өкмөт тарабынан бекитилерин айтты. Ал эми жеке ишкердин компаниясы стратегиялык объектиге кирип калгандан кийин сата турган болсо биринчи мамлекетке сунуштоого милдеттүү болот.

"Ишкер өзү белгилейт. Эгер өкмөт алуудан баш тартса анда башкаларга сатуу укугу берилет. Стратегиялык объектилерди чет өлкөлүк ишканаларга же бизнеске сатып ийгенде экономикалык диверсия болуп кетүүдө. Чоң-чоң заводдорду инвестордун кейпин кийип келип сатып алып токтотуп койгон учурлар көп болуп атпайбы", — деди Макешов.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков долбоор боюнча жеке менчик ишканалардын кирешеси 100 миллион сомдон жогору болсо же 1000ден ашуун адам иштесе кааласа-каалабаса да стратегиялык объектиге автоматтык түрдө кирип каларын айтып сынга алды. Ал менчик такыр кол тийгис болушу керек деп эсептейт.

Ал эми Улугбек Ормонов буга чейин стратегиялык объектилердин тизмеси Жогорку Кеңештин макулдугу менен бекитилип, чыгарылып келгенин белгиледи.

"Акырындык менен өкмөт тизме түзгөндү өзүнө алды, эми чыгарганда да ЖКны көңүл сыртында калтырууда. Бул өтө кооптуу. Стратегиялык объектилер Кыргызстандын менчиги, ага өтө маанилүү гана объектилер кирет. Андыктан бул мыйзам туура эмес", — деди депутат.

Аманкан Кенжебаев да стратегиялык объектилерди министрлер кабинети өз алдынча каалагандай калчай бериши туура эместигин айтты.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбооруна каршы добуш берип, артка кайтарды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости