www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдү ким сүзүп өткүсү келет?

Илгери Ысык-Көлдү Тору айгыр сүзүп өткөн. Элдин айтымында Адыл баатыр да Балбайдан сактанып Ысык-Көлдү сүзүп чыгып кеткен. Сууда сүзүү боюнча спорт чебери Шулико Владислав Ысык-Көлдү сүзүп өтөм деп тилек кылып жатат. Ага болгон ишеним чоң. Ал бул кадамы менен дүйнөлүк рекордду жаңыртса болот. Анткени, акыркы дүйнөлүк рекорд 180 км болуптур. Шулико Владислав 181км сүзсө, рекорд жаңыланат. Мындай ден-соолукту чыңдоого багытталган иш-чаралар боло турган иш-чараларда камтылган. Ысык-Көлдө өтө турган бул марофондун башкы максаты туризмди өнүктүрүү. “Issyk-Kul Swim 181”, “GAMMA REvolution Fest’21” жана “Issyk-Kol Race 2021” эл аралык марафондун уюштуруучусу, “Дасмия” компаниясынын президенти Турусбек Мамашев. Анын мындай уюштуруучулук демилгесин  президент  Садыр Жапаров иш-чара жөнүндө угуп, ал бул долбоорду кубануу менен кубаттаптыр. Себеби, бул долбоордо чоң максаттар бар. Башкысы туризмди көтөрүү. Өлкөбүздүн бермети көгүлтүр Ысык-Көлгө уюштурууну пландап жатышат. Туристтерди тартып, башка мамлекеттерге даңазалоону көздөөдө.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги “Issyk-Kul Swim 181”, “GAMMA REvolution Fest’21” жана “Issyk-Kol Race 2021” деген аталыштагы марафон өткөрүлөт. “GAMMA” марафону 24-29-августка чейин уланып, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдө өткөрүлөт.  Аталган марафондун негизинде Ысык-Көлдө сууга сүзүү, веложарыш, шахмат болот. Ошону менен катар блогерлердин, IT тармагынын өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин форуму өткөрүлөт. Мындан сырткары кинофестивалы дагы уюштурулат.

Ысык-Көлдө өтө турган марафондо 7 тармактын өкүлдөрү бир жерге чогулат. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Шахмат федерациясынын президенти жана Аралаш күрөш искусствосунун жетекчиси Бабур Төлбаев билдирген: “Буюрса бул өзгөчө марафон болот деп ишенем. Анткени, бул жакта 7 тармактын өкүлдөрү бир жерге чогулат. ITишниктер, бизнесмендер, блоггерлер, спортчулар, режиссёрлор. Булар бири-бири менен таанышып, колдоо көрсөтүп, жаңы ачылыштарды жасоого абдан чоң шарт түзүп берет. Биз мунун менен Кыргызстанды даңазалап, жакшы маанай жараталы деген ниеттебиз. Ошондой эле маданиятты, спортту дагы көтөргөнгө чоң өбөлгө болот”, - дейт Төлбаев.

Ички туризм жакшы эле өнүгүп жатыптыр. Мындай пикирин саясат таануучу Алмазбек Акматалиев айтты: "Социалдык тармактардан билдирүү, сүрөт жана комменттерди карап отуруп бир пикирге келсе болот: ички туризм жакшы эле өнүгүп келе жатыптыр. Чет жакка көп чыга албасак да Кыргызстаныбыздын керемет жерлери толтура экен. Аларды көрүп келүүгө ниетенген инсандарыбыз да аз эмес экен! Бара-бара, экономикабыз өнүгүп, тынччылык болуп турса, бул тармак дагы өсөөр деп үмүт кылалы. Көз тийбесин, керемет жерлерибиз суктандырбай койбойт", - дейт саясат таануучу. 

Туризм магнаты Турусбек Мамашов өзү саясатка кирбесе да кызы Айсулуу Мамашованы 2015-жылкы парламенттик шайлоодо «Ата-Мекен» партиясынын тизмесине кийирген. Турусбек Мамашовдун улуттук колоритке бөлөнгөн «Дасмиясы» ойду ашып Орусияга, кырды ашып Кытайга, өрдү ашып Өзбекстанга таанымал болгон. Ал «Дасмиясынан» даам берип, элди арзан көңүлдүү туристтик саякатка алып чыгып жүрүп чоң абройго жетишип келаткан. Акаев ичи таарып Туристбек, тоюз Турусбек мырзага канча ирет бут тоскону менен, «ити чөп жей баштаган» Мамашевдин иши илгерилей берди. Кийинки президент байкабаса да айлана - чөйрөсү байкады окшойт, Туризм министрлиги түзүлгөндө Турусбек мырзадан башка ылайыктуу адам жок экени белгилүү болду. Министрлер жанталашып элдин энчисин үйүнө ташып жатса, Мамашев болсо үйүнөн, «Дасмиясынан» министрликке ташып, жаңы министрликти бутунан тургузду деп укчубуз. Бутунан тургузаар менен бутка чаап министрликти жоюп, агенттикке айлантканга карабай эл үчүн жанын карч уруп эмгектенип жүрдү. Анын кыргыздын «брэнди» Ысык-Көлдү реклама кылып, дүйнөгө дүңгүрөткөнү үчүн миллиондогон туристтер келип-кетип турду. Турусбек мырза жалгыз гана Ысык-Көлдү «брэнд» кылбай Сулайман тоону ЮНЕСКОнун алтын казынасына киргизгендигин көпчүлүк биле бербейт. ЮНЕСКОнун алтын казынасына миңдеген туристтик жайлардын ичинен он чактысы гана кабыл алынып, ошонун бири Сулайман тоо болгон. Эгерде муну көбүрөөк реклама кыла турган болсо Сулайман тоо экинчи Меккеге айланып туристтер агылып келмек. Себеби, бай өлкөнүн туристтери Египеттен, Грециядан, Меккеден да тажады аларга Сулайман тоо сыяктуу экзклюзивдүү, жаңы туристтик жайлар керек. Бирок, аны рекламалабаса ким билет. «Өтүкчүнүн өтүкчү болгону жакшы», туризм сырын беш колундай билген Турусбек мырзага Туризмди өнүктүрүүнүн эки тизгин, бир чылбырын берсе камчы салдырбай кетмек. Анын «Кыргызстан Санта-Клаустардын өлкөсү» - деген брэнди бурмаланып элге туура эмес түшүндүрүлүп кетти. Мамашовдун оюу боюнча Санта –Клаустун мекени Кара-Кулжа болуптур. Бүгүнкү күнү коронавируска карата туризм бир аз аксап турат.

Кыргызстанда туризм – Кыргыз Республиканын экономикалык жана социалдык жактан тез өнүгүшүнө зор салым кошууга көп мүмкүнчүлүктөрү бар реалдык сектордун келечектүү тармагы. Кыргызстандын жери туризмди жана эс алууну эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн табигый, тарыхый жа маданий жактан кыйла потенциалга ээ. Чет өлкөлүк эксперттер да биздин туризмди баалайт. Табигый жана маданий белгилери кереметтүү айкалышкан Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр жер жүзүндө саналуу. Мындан дүйнөдөгү тоолуу жерлердин ичинен эң ажайып кооздукту көрүүгө болот». Мамлекеттин аймагынын 90%тен ашууну деңиз деңгээлинен 1000 метрден жогору жайгашкан. Гималай менен Памирден кийинки дүйнөдөгү эң бийик тоо чокулары Кыргызстанда, алар Жеңиш (бийиктиги 7439 м), Ленин атнындагы (7134 м), Кантоо (6995 м) жана башка чокулар. Дүйнөдөгү ири тоо мөңгүлөрүнө кирген Эңилчек (Түштүк Эңилчек) мөңгүсү бар.

Кыргызстандын зор Евразия континентинин борбордук бөлүгүнөн орун алышы жана анын татаал рельефи мында кескин континеттиктен деңиздикке чейинки климаттын болушуна шарт түзөт. Кыргызстандын табияты ар түрдүү: мында кар-мөңгүлүү залкар тоо тилкесинен көк шиберлүү альп, субальп, карагай, арча, жаңгак-мөмө-жемиштүү токойлуу, шалбаалуу талаадан чөлдөргө чейинки ландшафттар кездешет. Өлкөнүн түштүгүндөгү Арстанбап, Кызылүңкүр, Каралма жана башка жерлердеги дүйнөдө чанда кездешкен жапайы жаңгак жемиш токой массивдери, бийик тоолордун арасында жайгашкан Суусамыр, Алай, Аксай, Арпа сыяктуу өрөөндөрдөгү боз үйлөр тигилген көк шиберлүү жайлоолор, кымыз жыттуу үйүр-үйүр жылкы, асыл тукум кой жайылган жайыттары, айланасы ажайып кооз, балыкка бай тоо көлдөрү туристтерди, эс алуучуларды дайыма өзүнө тартат. Кыргыз жергесинде эки миңден ашуун тоо көлү, а. и. жайында салкын, кышында жылуу, тоңбогон Ысык -Көл бар. Сууга түшүү маалы кээде ноябрь айына чейин созулат; суунун температурасы жайында 24°Сге, кышында 4°Сге чейин жылуу. Ысыккөл алтын кумдуу пляждары, минералдуу булактар кошулган суусу тунук, тоо-деңиз климаты айкалышкан, дары баткактуу, минералдуу суулары бар эң сонун курорттуу чөлкөм. Ысык -Көл регионунда бүгүнкү күндө 7075 орундуу 121 санаторий жана эс алуу мекемелери курорттор, пансионаттар, туристтик базалар иштейт.

Кыргызстандын аймагында Сары -Челек, Кара -Шоро, Кыргыз -Ата, Жет -Өгүз, Арашан, Түргөн –Ак -Суу, Ала -Арча сыяктуу ажайып кооз жерлер, шаркыратмалар, табият эстеликтери да арбын. Жогоруда айтылган табияты кооз жерлерди коргоо максатында Кыргызстанда жаратылыш улуттук парктары жана коруктары уюшулган. Ал аймактардагы жапайы жаныбарларды, канаттууларды, өсүмдүктөрдү жана жалпы эле кооздукту табигый түрүндө сактоо менен, аларда туристтер, айрыкча чет өлкөлүк бай туристтер үчүн экологиялык, элиталык таза экскурсияларды уюштурууга ыңгайлуу шарт түзүлүүдө. Кыргызстан Улуу жибек жолунда жайгашкан тарыхый архитектуралык эстеликтерге да бай: Сулайман -Тоо археологиялык музейи, Бурана мунарасы, Өзгөн архитектуралык комплекси, Шахфазил күмбөзү, Таш -Рабат кербен сарайы, Саймалы -Таш капчыгайындагы аскадагы сүрөттөр, Манас күмбөзү жана башка эстеликтер.

Кыргызстандын Улуу жибек жолуна байланышкан байыркы тарыхы бар. Биздин заманга чейин. 2-кылымдарда Кытайдан Парфияга чейин келип кеткен кытай кечили Чжан Цзяндын саякатынан жана анын жазган саякат баянынан кийин гана континенттерди тепчип өткөн соода жолунда жибек кербендери сапар тарта баштаган. Кыргызстандын аймагы чыгышты батыш менен байланыштырган көпүрөгө айланган. Бул жер аркылуу байыркы кербен жолунун үч бутагы – Теңир -Тоо менен Памирдин бийик дабандарын ашкан — Памир-Алай, түштүк жана түндүк бутактары өткөн. Кыргызстандын аймагы эзелтеден эле өнүккөн борбордук азиялык чөлкөмгө кирип, эл аралык соода катнашынын жолундагы негизги өткөөл база болуп калган. Улуу жибек жолунун чыгыш менен батыштын маданиятын эриш-аркак айкалыштырганын кыргыз элинин салт-санааларынан, материалдык маданиятынан көрүүгө болот.

Ош шаарында байыркы тарыхый жана маданий борбор жана Улуу жибек жолундагы кербендер орун алчу жер болгон. Азыркы Ооганстан, Пакистан жана Индиянын көпчүлүк бөлүгүн баш ийдирип, Улуу Моголдор империясын негиздеген, «Бабур-Наме» аттуу баа жеткис тарыхый жылнааманын автору Бабурдун ыйык Сулайман -Тоодогу «үжөрөсү» — ой терметип, акыл калчаган үйү азыр да турат.

Ал бул жерде отуруп: «Фергана өрөөнү алаканга салгандай көз алдыга тартылат, Оштун тегереги кооз жана абасы таза»,— деп жазган. Кыргызстан мурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн туристтерине дээрлик белгисиз эле. Ал өз алдынча эгемендүү мамлекет болгондон кийин республикалык ченемдик-укуктук базаны өзгөрттү, келип-кетүүнүн кыйла либералдуу тартиби түзүлүп, чет өлкөлүк жарандарга келүү визасы чектөөсүз бериле баштады, Республиканын аймагында чет өлкөлүктөр эл аралык мыйзамдарда, макулдашууларда, келишимдерде каралган бардык укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланышат. Мамлекет 1993-жылдан Дүйнөлүк туристтик уюмдун мүчөсү болуп эсептелет. Бир нече жылдардан бери Кыргызстан Дүйнөлүк Берлин туристтик бирикмесинин, Лондон туристтик жарманкесинин, Ташкен туристтик иш-чараларына жигердүү катышып келүүдө.

Мамлекеттеги азыркы инфраструктура дале болсо эл аралык стандарттарга ылайык келбейт, анткени бир нече ондогон жылдар мурда түзүлгөн туризм негизинен советтик туристтердин керектөөлөрүн канааттандырууга эсептелген эле. Бирок, туризм акырындап өсүп-өнүгүүдө. Туризм тармагына инвесторлорду тартуу боюнча жигердүү иш жүргүзүлүүдө. Италиялык «Капитал» фирмасы мурдагы «Кыргызстан» мейманканасын реконструкциялап, 5 жылдыздуу «Хаятт» отелине айландырды. «ИНПРО-технологиялык жабдуу» аттуу немис фирмасы «Ала-Тоо» мейманканасын реконструкциялаган. Азыркы учурда республикада 8 жогорку жана орто окуу жай туризм тармагы үчүн кадрларды даярдоодо. Кыргызстандын 100дөн ашуун болочок адистери чет өлкөлөрдө окушууда, 1000ден ашуун кыргыз студенттери жыл сайын Түркияда, Италияда, Германияда, Индияда, Сан-Маринодо иштеп келишүүдө.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги “Issyk-Kul Swim 181”, “GAMMA REvolution Fest’21” жана “Issyk-Kol Race 2021” деген аталыштагы марафон өткөрүлөт. “GAMMA” марафону 24-29-августка чейин уланып, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдө өткөрүлөт.  

Аталган марафондун негизинде Ысык-Көлдө сууга сүзүү, веложарыш, шахмат болот. Ошону менен катар блогерлердин, IT тармагынын өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин форуму өткөрүлөт. Мындан сырткары кино фестивалы дагы уюштурулат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


 

 

 

Последние новости