www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай тургундарды жапырт текшерүүгө алды

2019-жылы COVID алгач пайда болгон Кытайдын Ухань шаарынын бардык тургундары коронавирусту аныктоо боюнча тесттен өттү. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, коронавирусту толугу менен жеңди деп эсептелип жаткан бул шаарда өткөн аптада 37 кишиден вирус аныкталган. Мындан улам шаар бийлиги шаардагы алты жашка чейинки балдардан тышкары ар бир тургундан ПЦР-тест алууну чечкен.

Жыйынтыгында беш күн ичинде 11,28 миллион кишиден анализ алынып, тогуз кишиден COVID-19 аныкталды.

"11 миллиондон ашык кишиден мынчалык кыска убакытта тест алып бүтүү үчүн 28 миң медик ишке тартылган. Массалык анализ алуунун жыйынтыгы менен Кытайдын Илимдер академиясынын академиги Чэнь Сяопин Уханда коронавирус кайрадан жайылып жатат деп айтууга болбостугун билдирди", — деп айтылат кабарда.

Расмий маалымат боюнча, коронавирус 2019-жылдын соңку айларында Ухандагы деңиз азыктарын саткан "Хуанань" базарында жарганаттардан адамга жуккан. Бара-бара оору тездик менен жайылып, дүйнө жүзүн каптаган. Учурда дүйнөдө коронавирус жетпеген өлкө калган жок.

Эске салсак, буга чейин Кытай бийлиги ДССУ уюу менен коронавирустун келип чыгышы тууралуу иликтөө жүргүзүүдөн баш тартып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости