www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкаларга караганда «Ынтымак» партиясы эл ичинде тескери кеп жаратып, ар кандай көрүнүштөрдөн шек алдырып келет.
Мисалы, Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалыгын тапшырбай туруп тизмеге кирип, БШК четтетсе, кайра соттошуп жатып, акыры «жалаң төш» катары партия тизмесине илинди. Мыйзамга баш ийип, ызы-чууга себеп болуу керек беле?
Ал эми Бишкек СЭЗдин жетекчиси Кудрет Тайчабаров бир тууган карындашы Адинай Марипова «Ынтымактан» талапкер болуп баратса, ага арнап ыр жазып, Фейсбуктан пиар кылып жатат. «Майлуу кызматка» минип алып, үгүт ишине аралашкан Кудретке мыйзамдуу чара колдонулбаганы кандай? Бул жагынан да коомчулукта түшүнбөстүктөр арбын.
«Ынтымактын» дагы бир талапкери Жаркынбек Касымбековго мыйзамсыз тендер өткөрүү боюнча кылмыш иши козголуп, артынан чуулганы басылбай күчөп баратса, мунусу да депутаттык мандат үчүн ашыгып алган.
Кыскасы, ызы чуунун баары эле «Ынтымак» партиясынан чыгып калыптыр, тийешелүү органдар эмнеге мыйзамдуу, калыс баа беришпейт?
Булак: Азия News гезити