www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын аягына карата Өзбекстандын тышкы карызы 41 миллиард 600 миллион долларды түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлигинин 9-мартта жарыяланган баяндамасында айтылат.

Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылы Өзбекстандын тышкы карызы 2020-жылга салыштырганда 12,7% көбөйүп, ички дүң өнүмдүн 60,1% түзгөн.

Министрликтин баяндамасында 2021-жылы өлкөнүн номиналдуу ички дүң өнүмү 734,6 трлн. сумга же 69,2 млрд. долларга жете турганы көрсөтүлгөн.

Өткөн жылы Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 2020-жылга салыштырганда 16% көбөйүп, 42,1 млрд. долларды түзгөн. Ошол эле маалда экспорт көлөмү 10% көбөйүп, 16,6 млрд. доллар болсо, импорт 20,4% көбөйүп, 25,5 млрд. долларга жеткен. Мындан тышкары экономикалык активдүүлүктүн жогорулашынын натыйжасында, ошондой эле товарлардын ички жана тышкы бааларынын өзгөрүшүнөн улам 2021-жылы тышкы сооданын терс сальдосу 46,3% көбөйүп, 8,9 млрд. долларды түзгөн.

Дүйнөлүк банктын божомолуна ылайык, 2022-жылы Өзбекстандын экономикасы 5,6%, 2023-жылы 5,8% өсөт деп күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости