www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалпысынан Украинадагы «операциянын» жүрүшүндө Украинанын аскердик инфраструктурасынын 2911 объектиси жок кылынды, деп жазат Орусиянын Коргоо министрлиги.
Алардын ичинен: 97 учак, 107 учкучсуз учуучу аппарат, 141 абадан коргонуу зениттик-ракеталык комплекси, 86 радар посттору, 986 танк жана башка брондолгон күжүрмөн машина, 107 жапырт аткылоочу реактивдүү система, 368 талаа артиллериялык мылтыктары жана минометтору, 749 атайын аскердик транспорт каражаттары.
Донецк Элдик Республикасынын аскерлеринин тобу чабуул операцияларын улантып, Ближнее жана Тавла конуштарын көзөмөлгө алды. Мариуполдун айланасында операция улантылды. Шаардын чыгышындагы Донецк Элдик Республикасынын полиция бөлүмдөрү «Азовский», «Найденовка», «Ляпино», «Виноградарь» кварталдарын көзөмөлгө алып, «Азовсталь» заводуна чыгышты.
Шаардын батыш бөлүгүндө «Батыш» («Западный») кичи району көзөмөлгө алынганын РФтин Коргоо министрлиги билдирди. Украинанын аскердик инфраструктурасына сокуу уруулар уланууда, деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg