www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин кеңсебизге Зулайка Усупбаева айым башбакты. «Азыркы ИИМ башчысы Улан Ниязбеков өзүнүн карамагындагы кызматкерлердин туура эмес жасаган иштери боюнча тазалоо жүрүп жатканы боюнча жазганыңарды угуп алып келдим эле» дейт. Биз Зулайка айымдын жүйөлүү кебин угуп көрдүк.
- Зулайка айым, анда сөз сизде, болушунча ток этер жерин айтыңыз...
- Сиздердин «Азия Ньюс гезитинен «ИИМ башчысы генерал Улан Ниязбеков мырза кол алдында иштеген кызматкерлердин жагымсыз жагдайлары боюнча чара көрүп жатат» деген макаланы окуп калып, ушул боюнча сиздерге кайрылып жатам. Себеби, биз жашаган үч кабаттуу үйдө эки милиция кызматкерлери жашашат. Бишкек шаарынын Ленин районунунда Мелис аттуу кызматкер өз үйүндө оңдоп-түзөө иштерин...
- Фамилиясы жокпу?
- Фамилиясын билбейм, «Мелисмин, милициянын подполковнигимин» деп формасы менен таанышкан. 2003-жылы биз жашаган үйдөн квартира алган. Ал жигит «биз квартираны ремонт кылабыз. Эгер сиздердин квартирага залакасы тийсе, биз чыгымын толугу менен кайтарып беребиз, бардыгын мойнубузга алабыз» дешкен. Биз оозеки эле макул болдук.
А чын-чынына келгенде, андай болгон жок. Ойлорунан кайтып, акыр-аягы келтирген залакаларын өзүбүз жасап тындык. Мелис мырза алган үйүнө квартиранттарды киргизип салды. Алар улам-улам затоп кыла берди. Бул боюнча атайын акт кагаздарым бар. Анысы аз келгенсип экинчи милиция кызматкери көчүп келди. Алишер Мансурходжаев деген. Биз 1-кабаттабыз. Алишер 3-кабатта. Мени менен дубалдаш кошуна орус аял бар эле. Спирт ичимдигин жакшы көрчү. Тез арада эле ушул орус аял менен жакшы мамиледе болуп калышты. Мансурходжаевдин аялы да ичимдикке жакын адам экен. Экөө киришип-чыгышып, орус кошунамдыкынан тез-тез көрүп калчу болдум.
- Ал орус кошунаңыз азыр барбы?
- Жок, ал аял бир күнү эле каза болуп калды. Аз өтпөй ал квартирага Мансурходжаевдер көчүп келди. Бу жагы да аябай күмөн жараткан иш болууда. Эми ал менин ишим эмес дечи, бирок ошол жерде жашагандан кийин подъезддеги тазалык-тартипти кармашы керек. Алар бизди кемсинтишип, өздөрү аксөөк, ак кол болгонсуп, бул жаатта эч кол кабыш кылышпайт.
Айтсаң ороңдоп уруша кетишет. Нечен ирет кол көтөргөн учурлары болду. Өзүм жалгыз бой аялмын. Бул боюнча да медициналык экспертизадан документтерим бар. Мээм чайкалды, ушулардын айынан ден-соолугумдан ажырап жатам. Бирдеме болсо эле мен күнөөлүү болуп калам.
Милициялыгына салып, аялы ичпеген, чекпеген, сүттөн ак адам болуп калат. Мен аларды «сабаган» киши болуп чыга келем. Наадандыктын да чеги болуш керек го! Назик аял эмес эле, тентек, бунт чыгарган адам кылып салышат. Мен аны «уруп» салат экенмин.
- Укук коргоо органдарына, сотко кайрылган жоксузбу?
- Кайрылбаган жерим калган жок. Бардык жерде «карга карганын көзүн чукубайт» дегенге капташам. Арыз бербеген, даттанбаган жерим калган жок. Алсак, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна кайрылсам, алардын тергөөчүлөрү кайра мени күнөөлөп коюшту.
- Азыр кайсы даректе турасыз жана иштеген телефон номуруңузду айтсаңыз?..
- Чүй проспектиси N955те турам. Телефон номурум 0500-99-88-78. Урматтуу Улан мырза, сиздин эки милиция кызматкериңизден запкы жеп келем, чара көрүп коюңузчу?!
Булак: Азия News гезити