www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан Өзбекстанга өтө күчтүү дары-дармектерди, ошондой эле акцизсиз тамеки продукцияларын ташуучу канал аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

23-январда Кадамжай районунун чек ара аймагында Өзбекстан Республикасынын жаранына күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын өткөрүп берүүгө аракет кылган учурда 1999-жылы туулган М.у.Э. аттуу КР жараны кармалган.

Тактап айтканда, кармалган адамды тинтүү учурунда 396 даана «Тропикамед», ал эми жашаган жеринен (Кыргыз Республикасындагы дары-дармек каражаттарынын реестринде катталбаган) 25 даана «Регопен» таблеткасы табылган.

Маалымдама: "Тропикамед", "Регопен" күчтүү дары-дармектер, алар дарыгердин рецепти менен гана сатылат, соода түйүндөрүндө "дарылардын кыймылын жана келгендигин каттоо китеби" болушу керек. Башка дарылар менен айкалыштырып колдонууда катуу көз карандылык пайда болот.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен облусунун Кадамжай районунда жашаган КРнын Т.у.М. аттуу жараны КРдан Өзбекстанга товар ташуу боюнча мыйзамсыз каналдын уюштуруучуларынын бири катары аныкталып, тинтүү учурунда «ESSE CHANGE» үлгүсүндөгү акцизсиз 60 куту, баасы 4 млн. сомго жакын тамеки продукциясы табылган. Мында салык мыйзамдарын бузуунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке 2 млн 335 миң сомго жакын зыян келтирилген.

Кармалган КР жараны Т.у.М. УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Последние новости