www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуудан кийин Москва менен Вашингтондун өкүлдөрүнүн Сауд Аравиядагы сүйлөшүүсү боюнча комментарий берди, деп билдирет «Би-би-си».
Украин президенти өзүнүн позициясын дагы бир жолу кайталады. Анын сөзү аскердик аракеттерди токтотуу жөнүндө чечим Украинасыз кабыл алынбашы керек, ал эми сүйлөшүүлөр Киевдин «артында өтпөшү» зарыл.
«Украинадагы согушту кантип токтотуу керектиги жөнүндөгү чечим Украинасыз кабыл алынышы мүмкүн эмес. Бизди Сауд Аравиядагы россия-америка жолугушуусуна чакырышкан жок. Бул биз үчүн да көпчүлүк сыяктуу "күтүүсүз белек" болду. Бул кабарды биз маалымат каражаттарынан алдык», - деди Зеленский.