www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы кырдаал боюнча АКШ менен Россиянын атайын өкүлдөрү бирге иш алып барат. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, эки өлкөнүн атайын өкүлдөрүнүн бирге иштешүүсү күн мурун Эр-Риядда өткөн жогору деңгээлдеги сүйлөшүүдө айтылган.

АКШнын Ак үйүнүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт АКШ менен Россиянын сүйлөшүүсү тынчтык үчүн маанилүү кадамдардан болгонун билдирген.

Өз кезегинде АКШ президенти Дональд Трамп Флоридада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, сүйлөшүүлөр "жакшы өткөнүн", Украинадагы кырдаалды чечүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралганына ишенерин айткан.

Эске салсак, 18-февралда Сауд Аравияда АКШ менен Россиянын өкүлдөрү Украинагы кырдаалды талкуулоо үчүн жолугушту.

Ага орус тараптан тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков катышты. АКШдан жолугушууга Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолтц, мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стивен Уиткофф барган.

Последние новости