www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский

Украинанын аскердик командачылыгы дүйшөмбүдө эртең менен билдирүү таратып, орусиялык күчтөрдүн Одесса аймагына ракеталык чабуулунан бери дегенде 6 киши, арасында бир бала жабыркаганын кабарлады. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кабарлады.

Кеп каза тапкандар тууралуубу же жараат алгандар жөнүндө болдубу, аны тактаган эмес.

Ракета калк жашаган районго атылганы, турак жайлар жана дыйкан чарбалар талкаланганы айтылат. Бир күн мурун Киев Орусия дем алыш күндөрү соккуларын күчөткөнүн билдирген.

Майдан тилкесинен алыс жердеги Львов, Хмельницкий, Житомир, Чернигов, Киев, Черкасы катуу аткыланган. Бир нече жумага созулган айыгышкан кармаштан кийин Орусия Северодонецкини өз көзөмөлүнө алууга жетишти.

Бул шаар жана анын жанындагы Лисичанск урандыга айланды. Украин бийлиги ал жерлерди кайтарып аларын айтууда. Бул үчүн президент Владимир Зеленский 27-июнда "Чоң жетинин" саммитине кайрылуу жасап, көбүрөк алдыңкы оор куралдарды жөнөтүүгө чакырды.

Жекшембиде Зеленский курал-жарак берүүнү кечиктирүүнү “Орусияга улам-улам сокку ура бергиле деген ишарат” деп сыпаттаган. Германияда өтүп жаткан саммиттин декларациясынын долбоорунда “Чоң жетинин” лидерлери Украинага канча керек болсо ошончо аскердик, гуманитардык, дипломатиялык жардам берүүнү уланта берери айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости