www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде өткөн “Крым платформасынын” экинчи эл аралык саммитинде сүйлөп жатып, Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралы "кандай гана жол менен болбосун Украинанын көзөмөлүнө кайтарыла турганын” айтты.

Ал "Кремл эч качан диалог жөнүндө ойлобогонун, согушка гана даяр болгонун" белгилеп, Орусия менен сүйлөшүүлөр тууралуу "сөз да болушу мүмкүн эмес экенин" айтты.

"2014-жылы алар өлкөбүздү басып алууну чечишти жана дүйнө аларды бетке чапкан жок, ошондуктан алар андан ары кетишти. Эми биз ббетке чабабыз", - деген Зеленский "Орусияны тынчтандыруу үчүн" фронттун линиясын "тоңдуруп" коюуга Украина макул эмес экенин айтты.

Зеленский Крым кайтарылгандан кийин Укриана менен бирге Европа Биримдигинин бир бөлүгүнө айланарын жана жарым аралда жашаган элге "чоң мүмкүнчүлүктөр" ачыла турганын белгиледи.

"Крымдын жолдору бүткүл Европа континентинин жолу болот, Крымдын порттору бүткүл Европанын порттору болот, Симферополду Берлин менен, Ялтаны Неаполь менен байланыштырууга Украина гана жөндөмдүү", - деди украин президенти.

Киевдеги "Крым платформасы" саммити онлайн-форматта өттү. Ага 60 өлкөнүн президенти, премьер-министри, саясий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости