www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатып Владимир Путиндин бар экенинен күмөн санаган Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жооп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Психологиялык жактан Зеленский мырза Орусиянын да, Путиндин да жок болушун каалай турганы анык. Бирок Киев режими Орусия менен Путиндин бар экенин жана алардын эртеңки күндө да болорун канчалык эрте түшүнсө, Украина сыяктуу өлкө үчүн ошончолук жакшы болот", — деди Песков.

Анын айтымында, Киев үчүн Орусия менен байланышкан нерсенин баары "чоң көйгөй". Песков Москванын максаты кандай болгон күндө да ишке ашарын, андыктан талаптары канчалык тезирээк эске алынса, Киев калыбына ошончолук тезирээк келе турганын айткан.

Зеленский жакында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө Владимир Путиндин көзү тирүү экенинен күмөн санаганын билдирген. Анын айтымында, ал сүйлөшүүлөрдү ким менен жүргүзүүнү билбей келет.

Орусия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт деген. Өлкө башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости