www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина президенти Владимир Зеленский Орусиянын кол салуусунан эң көп жабыркаган Харьков, Чернигов, Мариуполь, Херсон, Гостомель жана Волноваха шаарларына “Баатыр шаар” деген макам берди. Бул тууралуу Зеленский 6-март күнкү кайрылуусунда билдирди.
Маалыматка караганда, Украинанын жетекчиси орус күчтөрү менен күрөшүп жаткан шаарлардын мэрлерин “Эрдик” ордени, айрым облус жетекчилерин Богдан Хмельницкий атындагы орден менен сыйлады.
Белгилей кетсек, Орусиянын аскердик операциясы 24-февралда башталып, Украина менен болгон салгылашууда Орусиянын 10 миңден ашуун аскери каза болгон деп айтылууда. Согуштук аракеттерге байланыштуу учурда Украинадан 1,5 миллион адам чет жакка чыгып кеткен.
Булак: NazarNews.kg