www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина президенти Владимир Зеленский Анкара шаарындагы Украинанын элчилигинде өткөн маалымат жыйынында Украинанын сүйлөшүүчү делегациясы эртең, 16-майда Стамбулга барарын билдирди. 

"Мен жөнөткөн делегациябыз эртең Стамбулга жетет", – деди Зеленский.

Буга чейин Россия президенти Владимир Путин Украинага алдын ала шарттарсыз түз сүйлөшүүлөрдү 15-майда Стамбулда баштоону сунуштаган. Ал сүйлөшүүлөр учурунда ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишүү мүмкүн экенин жокко чыгарган эмес. Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, Москва сүйлөшүүлөрдү олуттуу түрдө кабыл алып, узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотуу жолдорун издөөдө. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн максаты – кагылышуунун башкы себептерин жоюу жана Россиянын кызыкчылыктарын камсыз кылуу.

РИА Новости агенттигине маалымдаган ишенимдүү булакка ылайык, Россия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүсү бейшемби күнү түштөн кийин Стамбулдун борборундагы Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын администрациясынын иш кеңсесинде өтөт. Бул жер 2022-жылдагы сүйлөшүүлөр дагы өткөн жай болуп саналат.

Россия делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектөөдө. Анын курамында РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы чалгындоо башкармалыгынын башчысы Игорь Костюков жана коргоо министринин орун басары Александр Фомин бар. Песковдун маалыматына караганда, Россия делегациясы эртең менен эле Стамбулга жетип, Украина тарапты күтүп жатканын айткан.

Мединский Стамбулда Россия расмий делегациясы Путиндин буйругу менен бекитилип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бардык ыйгарым укуктарга ээ экенин билдирген. Ал делегация тынчтыкты орнотуу, чыңалууну басуу жана окшош көз караштарды табуу максатында конструктивдүү позицияны карманарын белгиледи. Анын айтымында, түз сүйлөшүүлөрдүн максаты – конфликттин негизги себептерин жоюп, узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүү.

Последние новости