www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чех армиясынын Башкы штабынын мурдагы башчысы, генерал Йиржи Шедиви iROZHLAS агенттигине Украинанын президенти Владимир Зеленский Польшадагы ракета окуясы тууралуу ишенимсиз маалыматтарга таянып билдирүү жасабашы керектигин айтты.

"Украиналыктар текшериле элек маалыматты таратпашы керек", - деди ал.

Анын айтымында, украин лидери "талкууну туура эмес нукка бурган".

Шедиви окуяны иликтөөдө шашылыш жыйынтык чыгарбоо керектигин белгиледи. Ал "өтө кылдаттык менен" иш-аракет кылууга үндөдү. Анын айтымында, окуядан көп өтпөй Польша бул маселе боюнча Орусияга багытталган билдирүүлөрдү кылдаттык менен тандай баштаган.

Польшанын аймагына ракеталар түшкөнү тууралуу маалымат 15-ноябрда пайда болгон. Натыйжада эки адам каза болгон. Өлкөнүн президенти Анджей Дуда айткандай, ракеталар Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атылган болушу мүмкүн. Расмий Киев кол салуу үчүн Москваны айыптады. Орусиянын Коргоо министрлиги айыптоолорду четке кагып, Украина-Польша чек арасына жакын жердеги бутага эч кандай сокку урулган эмес деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости