www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн райондук соту айылдашын өлтүрүүгө шектүү делген 35 жаштагы Замирди (аты-жөнү өзгөртүлдү) 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун чечиминде көрсөтүлгөн.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Замир ата-энесинин үйүнө келип, уктоочу бөлмөдө жарым жылаңач эркек адам жатканын көргөн. Ал ага жакындап келип, аны тепкилей баштаган. Ал жыгылганда айыпталуучу анын алсыз абалынан пайдаланып, аны катуу сабап баштаган. Айылдашы алган жараатынан улам каза болуп калган.

«Замир айылдашын сабаганын видеого тартып алган. Андан кийин ал маркумдун сөөгүн унаага салып, айылга алып келген. Соттук отурумдун жүрүшүндө Замир күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Анын айтымында, жарым жылаңач кишини көрүп, ал апасын зордуктаган деп ойлогон. Ал ачууланып сабап баштаганын, бирок өлтүрүү оюнда болбогонун билдирген. Баары кандай болгону эсинде жок. Ал эсине келгенде окуяны видеого тартып жаткан болгон. Айыпталуучунун айтымында, ал адамдын сөөгүн анын үйүнө алып барган», — деп айтылат соттун өкүмүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости