www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл апрель айында уран тууралуу кыргыз эли ызы-чуу көтөрүп,  Кызыл-Омполдо Таш-Булак уран кенин Абылгазиев баш болгон өкмөт токтотууга мажбур болгон. Кочкордогу өзүнүн кичи мекениндеги каршы чыгып жаткан элге бара албаган Абылгазиевдин ордуна анын биринчи орун басары Кубат Боронов барып уран кенин жабат.

Арийне, оозуна алы жетпеген Өнөр жай, энергетика жана кен мамлекеттик комитетинин жетекчиси Осмонбетов Эмил жаракадан чыккансып чыга калып: “Кызыл-Омпол боюнча  Өнөр жай, энергетика жана кен мамлекеттик комитетинин позициясы, биз инвесторлорду колдошубуз керек” – деп элге каршы пикирин айткан.

Мына Атамбаев коюп кеткен кадрлар, булар ичип-жегенге, бирөөлөрдү машинасы менен тебелеп кеткенге гана жарайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazaNews.kg

Последние новости