www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тоо айылында жергиликтүү эки жаран жайыт жерин мыйзамсыз тосуп алгандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча тиешелүү акт түзүлүп, Ү.С. жана Ш.Н. аттуу жарандарга КР Укук бузуулар кодексинин 239-беренесинин негизинде айып пул салынды.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 токтомуна ылайык, жер кыртышын бузгандыгы үчүн 32 716 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Ошондой эле мыйзамсыз тосулуп алынган жайыт жер тилкесин баштапкы абалына келтирүү жана өзүм билемдик менен тосулуп алынган аймакты ачуу боюнча милдеттендирүүчү буйрук берилди.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат мыйзамсыз жер пайдаланууга жол берилбей турганын эскертип, жер мыйзамдарын так сактоого чакырат.