www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда каракчылык кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашырган Сузак райондук
милициясынын кызматкерлеринин үстүнөн ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүздү.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Ашым Тагаев кызматтан алынды. Аны менен чогуу дагы бир катар жооптуу жетекчилер иштен четтетилип, айрымдарына сөгүш жарыяланды.

Эскерте кетсек, мындан эки күн мурда Сузак райондук милициясында кылмышты жашыруу, опузалап акча талап кылуу жана кылмыш чөйрөсү менен байланышкан окуялар болгон. Ошондой эле, милициянын үстүнөн жазылган арыз менен барган УКМК кызматкерлерине милиция кызматкерлери каршылык көрсөтүшкөндүгүн атайын кызмат билдирди. Мындан улам коомчулукта чоң резонанс жаралды.

Жалал-Абад облустук милиция башчысы Ашым Тагаевдин дарегине карата акыркы күндөрү нааразы пикирлер абдан көп айтыла баштаган. Өзү генерал наамын алууга аракет кылып жүргөн...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости