www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында «Селсаяк» рейди жүрүүдө

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан «Селсаяк» аталышындагы рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Рейддин максаты - Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук жайларда лөлү тектүү жарандардын ыңгайсыздык жаратууларынын алдын алуу болуп саналат.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында 5 ата-эне колунда жаш өспүрүмдөр менен тилемчилик кылып жүргөндүгү аныкталды. Алардын ичинен 3 жаран Өзбекстандын Бухара облусунан келгендиги белгилүү болду. Аларга коомдук жайларда ыңгайсыздык жаратпоо зарылдыгы эскертилип, коронавирус илдетине байланыштуу эпидемиологиялык абал түшүндүрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости