www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда 3 салыкчы кармалды

Патент үчүн төлөнгөн акчаны мыйзамсыз ыйгарып алган салык кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда салык кызматкерлери ишкер жана соодагерлердин ай сайын патентке төлөгөн акчаларын өздөрүнө ыйгарып алып жүргөнү белгилүү болду.

26-декабрда иликтөө иш-чараларынын натыйжасында соттун уруксаты менен Салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча мекемесинин бөлүм башчысы С.С.К. жана райондогу базарларды көзөмөлдөгөн 2 инспектор Н.У.С. жана А.М.К. кармалып, №53 тергөө абагына киргизилди. Учурда мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости