www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында Эгемендүүлүк күнүнүн 28 жылдык мааракесине карата «Гарнизондук развод» болуп ѳттү. Бул иш-чарага Жалал-Абад ОИИБнин борбордук аппараты, КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ѳзүнчѳ ротасы, Жалал-Абад ОИИБнин кайгуул күзѳт кызматынын ѳзүнчѳ ротасы, КРнын ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгү, Жалал-Абад ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмү, Жалал-Абад шаардык ички иштер бѳлүмү жана Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик атайын күзѳт кызматынын ѳздүк курамдары катышты. Андан сырткары жогорудагы кызматтарга тиешелүү болгон атайын техникалары тартылды. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад ОИИБнын басма сѳз кызматы NazarNews.kgге билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ алгач ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат ѳтѳгѳн кызматкерлер «атайын чиндерин» алышса, ал эми облустун аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрѳшүүдѳ ѳзгѳчѳлѳнгѳн кызматкерлер Жалал-Абад ОИИБнин ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле ИИМ министринин буйругу менен Жалал-Абад ОИИБне эки кызматтык автоунаа тапшырылды.

Салтанаттуу жүрүштүн алдында Жалал-Абад ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Кылыч Жолдошов сѳз сүйлѳп, жалпы ѳздүк курамды «Эгемендүүлүк күнү» менен куттуктап, жоопкерчиликтүү кызматтарында ийгиликтер болуусун, ѳлкѳбүздѳ тынчтык ѳкүм сүрүп, мамлекетибиздин ѳнүгүп ѳсүүсүн каалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, 31-август Эгемендүүлүк күнүндө областын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жалпы 900дөн ашуун милиция кызматкери жана Жалал-Абад шаарындагы 704 Ички аскерлер бөлүгүнүн жоокерлери  кызмат ѳтѳшѳт.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости