www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда КР Юстиция министрлигине караштуу №53 Жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-августта Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, арыз ээсине 25 миң сом акча каражатын кайтарып берүү учурунда КРнын Адилет министрлигине караштуу №53 ЖАМ мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн башчысы "И.А.С." кармалган. 

Аныкталды: 2023-жылдын июнь айында аталган мекеменин кызматкери И.А.С. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу мекемесине кызматка орноштуруу үчүн “З.Д.З” аттуу жарандан 40 миң сом сураган жана алдын ала төлөм түрүндө 25 000 сом алган. Бирок, убакыт өткөндөн кийин, И.А.С. иш менен камсыз кылуу, ошондой эле мурда алынган каражаттарды кайтарып берүү маселесин талкуулоо аракетин ар кандай жолдор менен жокко чыгарып, арыз ээси "З.Д.З." менен байланышты токтоткон.

Учурда кармалган кызматкер КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости