www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайынын 21 адамдан турган Аксакалдар Кеңеши президент Садыр Жапарвдун Курултай тууралуу чечимине билдирүү жасады.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич! Кадырлуу калайык калк жана Биринчи Элдик Курултайдын делегаттары! Баарыңыздарды алдыда келе жаткан 31-август Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз!
Өткөн 2022-жылдын 25-26-ноябрь күндөрү КР Конституциясына ылайык Президенттин жарлыгынын негизинде Биринчи Элдик Курултай ийгиликтүү өткөрүлдү. Анда делегаттар тарабынан жашоо-турмуштун ар кайсы тармагына тиешелүү 4 миңге жакын маселе көтөрүлдү. Жабык маселе болгон жок, эл оюн эркин билдирди. Бийлик башчылары менен элден түз шайланып келген делегаттар арай-көзү чарай олтуруп, омоктуу ойлорду ортого салып, түмөндөгөн маселелердин түйүнүн биргеликте чечүү аракети жасалууда.
Курултайда көтөрүлгөн маселелер мамлекеттик бийлик тараьынан аткарууга жана көзөмөлө алынды. Ондогон жылдар бою ордунан жылбай турган көйгөйлүү маселелер четинен чечиле баштады. Кээси өндүрүшкө алынса, кээси келечекте аткарыла турган мамлекеттик программалардан ордун тапты. Элдик Курултайдын коомдук-саясий системага кирип жатышы акыркы жылдары алыстап кеткен бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды бекемдөөдө ишенимдүү кадам болуп калды.
Урматтуу Президент Садыр Нургожоевич! Сиз Курултай институтун элдин энчине кайтарып, Конституцияга киргизип, мыйзамын кабыл алдырууда саясий эркти көрсөтүп, карама каршылыктарды калбаат туруп жеңе алдыңыз. Сизге ыраазылык билдиребиз. Курултайдын толук кандуу орношу үчүн мындан ары дагы биргеликте аракетибизди уланта беребиз.
Урматтуу Биринчи Элдик Курултайдын делегаттары! Жалпы эл-журт! Сиздердин көрсөткөн ишенимиңиздерди абийирдүүлүк менен аткаруу үчүн болгон аракетибизди жасадык. Коомдук башталышта эмгек акы албай иштөөгө туура келгендиктен, тийиштүү чыгымдарды өз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша чечип келдик. “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы өтө оорго турду. Сиздердин жакындан жардам берип, ар тараптан колдоого алганыңыздардын мааниси зор болду. Эми мындан ары Элдик Курултайдын ишмердүүлүгү Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, Президент кол койгон мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт. Учурдан пайдаланып Жогорку Кеңештин депутаттарына да ыраазылык билдиребиз.
Элдик Курултайдын ишмердүүлүгү мындан ары жаңы мыйзамдын чегинде жөнгө салына тургандыгын эске алып, Президенттин "Айрым чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө" жарлыгына ылайык, Элдик Курултайдын 21 адамдан турган Аксакалдар Кеңеши өз ыйгарым укуктарын токтоткондугун расмий билдирет.
Баарыңыздарга бакубатчылык, бекем ынтымак, терең ыраазылык билдиребиз!",- деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, буга чейин президент Жапаров биринчи Элдик Курултайдын катышуучуларынын ыйгарым укуктарын токтоткон жарлыкка кол койгон.
Булак: NazarNews.kg