www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигинин демилгеси менен мүлк уурулуктарынын алдын алуу жана болтурбоо, уурулук фактыларына бөгөт коюу максатында, облустун аймагында 24-25-февраль күндөрү «Чөнтөк ууру» аталышындагы ыкчам-издөө иш-чаралары өткөрүлүп, кече 27-февраль күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалым болгондой, аталган иш-чаранын алкагында базарларда, эл көп жүргөн жерлерде, коомдук транспорттордо жана буга чейин катталаган уурулук фактыларынын бетин ачуу максатында ыкчам издөө иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде козголгон 4 (төрт) кылмыш иши боюнча уурулуктардын бети ачылып, мурда бир нече жолу соттолуп издөөдө жүргөн 1 кылмышкер кармалган.
Булак: NazarNews.kg