www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын тургуну, 43 жаштагы Сапар Аканов алты жеринен жараат алып, облустук клиникалык ооруканасында жатат. Бул тууралуу оорукананын сынык-жараат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Тайланов журналисттерге билдирди. Анын абалы орточо деп бааланууда.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 2020-жылдын 26-май күнү болжол менен 23:20 чамаларда Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынан Жалал-Абад ШИИБинин 102 кызматына кабар келип түшкөн. Ал кабарда ошол эле күнү Жалал-Абад шаарынын Манас проспектисинде белгисиз ок атуучу куралдан денесинен жаарат алып 1977-ж.т. А.С. аттуу атуул түшкөндүгү кабарланган.  Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен сотко чейинки тергөө башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Окуя 26-майдын түнүндө шаардын Спутник кичи шаарчасында болгон. Акановду 20-25 жаштардагы эки киши травматикалык тапанча менен атып, качып кеткен. Учурда кылмыштын бетин ачуу максатында тергөө тапшырмасы берилип, ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, Сапар Аканов - Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасы. Бир туугандар алыш күрөшү боюнча буга чейин дүйнө чемпиону аталган. Былтыр май айында Сапар Аканов менен бирге жүргөн балдардын бирин кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш тобуна мүчө сузактык “Чач” жана каракөлдүк “Жон” аттуу каймана аты бар адамдар сабап кеткени айтылган. Жабырлануучу ички иштер органынын атайын багыттагы отрядынын мурдагы кызматкери болчу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости