www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Реформаторлордун тагдыры бактылуу болбойт", - деген М. Горбачев актанууга аракеттенген көп сандаган маектеринин биринде. Бирок, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирамонович Мирзиеев муну абдан жакшы билип турса да өзүнөн мурунку президент И.А.Каримовдун перманенттик саясатын улантууну каалаган жок. Өзбекстан президенти баштаган технократтык реформа эң башкысы кабыл алынган чечимдердин компетенттүү болушуна негизделген, сабатсыз пикирлердин рейтингинин жыйынтыгына эмес, адистердин билими менен тажрыйбасына басым жасалат. Ал саясий күрөштү саясий чечимдерди кабыл алуу жана саясий курстун технократтык үлгүсү үчүн бириктирүүгө жетише алды.

Заманбап шартта мындай реформанын ийгиликтүү болушу жогорку тобокелчиликти жаратат. Экономист Дэни Родрик аиткандай "Жалгыз Ли Куан Юга ондогон Мобуту тең келет".

Мурдагы СССРдин аймагынан саясий күрөшкө жана саясий курска карата ар кандай кырдаалды байкоого болот. Президенттин саясий атаандаштарына каршы турат же мыйзам чыгаруу бийлигинин органдарына тоскоолдук жаралат, көбүнчө саясий курсту ийгиликтүү жүргүзүүгө жолтоо болот. Технократтык үлгү башталгыч этапта байкалаарлык жыйынтык берет, бирок бийликтин кийинки транзитинде мындай курс көбүнесе туңгуюкка кептелет, так ушуну КМШнын бир катар өлкөлөрүнөн байкап атабыз.

Мисалга алсак Грузияда бийликке Михаил Саакашвили келгенден соң кеңири реформа башталган, бирок кийинчерээк кашаңдап, а бийлик алмашкандан кийин такыр эле токтоп калды. Украина бийлигинин саясий курсу 20 жылдан бери саясий күрөштүн туруктуу туткунуна айланып келатат.

Кыргызстанда үч мурдагы президенттер: Акаев, Бакиев, Атамбаев саясий күрөштүн жана саясий курстун көп бутактуулугунун курмандыгы болушту.

Суроо туулат: эмнеге президент Мирзиеев өзүнүн саясий реномесин таргетирлөөнүн ордуна жооптуу тобокелчиликке барууда.

Кемаль Ататүрк өз убагында абдан татаал, тобокелдүү реформага барган жана тарыхый жыйынтыкка ээ болду, бирок ал такыр башка заман, такыр башка геосаясий карта эле.

Бүгүнкү күндө геосаясий жуурулуу мунай котировкасынын, фонд индекстеринин жана кайра каржылоонун наркына ушунчалык байланып калды, мамлекеттин ички саясаты кээде көз карандысыздыгынын маанисин жоготуп да коет. Өзбекстандын бюрократиялык түзүмү башка мурдагы советтик өлкөлөр сыяктуу эле рынок экономикасынын милдеггерин реализациялоого ылайыкташкан эмес, бирок алардын жеке кызыкчылыгын сактоо маселесине келгенде абдан эле күчтүү болушууда. Мындай шартта Мирзиеевдин саясий эрки саясий курстун маанилүү кыймылдаткычына айланат. Ошондуктан президент зарыл реформаны жүргүзүп жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыздай алчу адистерди ишке тартып жатат. Мирзиеев өзүнүн мамлекеттик кызматкер катары топтогон кадыр-баркынын шарапаты менен бүгүн "реформаторлор командасын" саясий партиялардын негативдүү пикирлеринен коргоого жана бир катар маневр эркиндигин берип, бирок дайыма алардын ишинин жыйынтыгын баалоочу мүмкүнчүлүтүн өзүнө калтырууга күч тапты.

Мирзиеевдин реформасынын маанилүү айырмачылыгы - бул мамлекетте технократтык башкаруудан корпорациялардын менеджерлик башкаруусуна перманенттик өткөрүүсү.

Мындай учурда мамлекетгик башкаруунун бир катар шарттарында толук мүмкүн болгон менеджментти көзөмөлгө алууну жоготуунун тобокелчилигин жокко чыгарат. Буга ийгиликтуү технократтар өздөрүнүн саясий жумуш берүүчүлөрүнө чакырык ташташканы анык мисал боло алат, мындай чакырыктар Кыр-гызстандын экс-президентгери Акаев менен Бакиевдин, же Бакиев менен Атамбаевдин каршылашуусуна жеткирген.

Жыйынтыгында технократ-жетекчилердин саясий лидеринин каршылашынын тарабына өтүп кетүүгө ар дайым мүмкүнчүлүгү бар болуп чыгат. Ошондуктан мурдагы советгик өлкөлөрдүн президентгери лоялдуулук менен компететтүүлүктүн ортосунда тандоо жүргүзүүгө аргасыз. Ийгиликтүү технократ-реформаторлор ийгиликсиздерге караганда өздөрүнүн жумуш берүүчүлөрүнө тобокелчилик көп жаратат.

Ийгиликтүүлөр аз мөөнөттү тобокелчиликти, ал эми ийгиликсиздер - узак мөөнөттүүсүн жаратат. Тагдыр экен, Кыргызстан Борбордук Азиядагы демократиялык реформанын оор жолуна түшкөн алгачкы өлкө болду, бирок "Анда да, мында да эч нерсе өзгөргөн жок", ошондуктан Өзбекстандагы реформаны байкап, алар биз кетирген жаңылышыктын баарын эске алганын көрдүк. Төрт жылдан бери өзбек реформасы системалуу, этаптуу түрдө макулдашуу жана бири бири менен тыгыз байланышуу негизинде жүрүүдө.

Реформанын жыйынтыган 2019-жылдын бардык макроэкономикалык социалдык жана эл аралык көрсөткүчтөрү аркылуу баалоого болот. Эң башкысы бул өсүштү турукташтырып жана ички мамлекетгик процесстерди геосаясий чакырктар менен айкалыштыруу гана калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости