www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы орто билим берүүчү мектептерде диний экстремизмдин алдын алуу максатында иш-чаралар башталып, жолугушуулар, интерактивдүү кызуу талкуулар өтүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдирди.

Анын айтымында, 20-февралдан баштап атайын түзүлгөн график боюнча ар бир мектепте педагогикалык жамаат жана окуучулар менен бирдикте диний экстремиздин алдын алуу темасында жолугушуулар башталды. Ал 14-мартка чейин улантылат.

-Биз бул жолкусунда иш-чараларды кыйла масштабдуураак өткөрүп жатабыз, ага мэриянын жооптуу кызматкерлеринен башка да шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилери, тийиштүү бөлүм башчылары, шаардын баш имамы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын областтагы өкүлү, шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы, шаардык билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери, шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин жетекчилиги катышууда. Жолугушуу кызуу талкуулар, өз ара суроо-жооптор, түшүндүрүүлөр менен интерактивдүү ыкмада өтүүдө, - дейт ал.

Эскерте кетсек, бул  иш-чаралар бюджеттен каржылануучу 20 мектептен сырткары жеке менчик 3 мектепти да камтыйт. Ошондой эле өспүрүмдөр менен такай иш алып баруунун натыйжасында шаарда балдаш арасындагы кылмыштуулук өткөн жылы мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла азайган.  

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости