www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда рейдерлик жол менен жер тилкелерин басып алууну уюштурган белгилүү «шылуун» Абдулла Юсупов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКга Юсупов Абдулла аттуу жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу ыкчам маалыматтар келип түшкөн.

«Ага ылайык, буга чейин мародерчулук, талап-тоноо, курал-жарактарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон, 1982-жылы туулган КР жараны Юсупов Абдулла өзүнүн мыйзамсыз иштерин ишке ашыруу үчүн, КР Президенти С.Н. Жапаров жана КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары К.К.Ташиев менен байланышы бар экенин айтып, Сузак районунун бай жарандарынын ишенимине кирип, алардын тиешелүү жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алып, үчүнчү жактарга кайра сатып жүргөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында маалым болгондой, Юсупов Абдулла КР УКМК тарабынан боло турган текшерүү-тинтүүлөрдү жолотпоо үчүн кепилдикти убадалап, ири жер тилке ээлерин, жерлерин тез аранын ичинде өзүнө өткөрүп берүүгө мажбурлап, кайра ошол жерлерди базар баасында үчүнчү жактарга сатып жиберип, сатуудан тушкөн акчаларды өз кызыкчылыгына иштеткен», — деп жазылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда Юсупов Абдулла жана анын шериктери – Х.З.А. жана Т.М.Ф. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Юсупов Абдулланын жашаган жерин тинтүү учурунда баңгизаты, ошондой эле жарандардын жер тилкелерине укук белгилөөчү документтери табылып, алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле УКМК Абдулла Юсуповдун алдамчылык схемасынын курмандыгы болгон, жабыр тарткан жарандар болсо КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын ишеним телефонуна (WhatsApp – 0995 012210) чалууну өтүнөт.

Последние новости