www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда судьялар кармалды

Өзгөчө оор кылмыш боюнча сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарган Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Жалал-Абад облусунун сот системасындагы укук бузууларды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Жалал-абад облустук Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысы аныкталды.

Мисалы, Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмү менен 1982-жылы туулган Х.С.С. КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүндө (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмышка күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Соттун жогоруда аталган чечими апелляциялык инстанцияда, Э.К.К., М.У.К. жана К.М.М. судьялар курамы тарабынан кайрадан каралып, сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгарылган, ага ылайык Х.С.С.нын иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүнө 268-беренесинин 2-бөлүгүнө (2017-жылдын редакциясында) негизсиз квалификацияланып, 8 жылга эркинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалган жана өкүмдүн аткарылышы башка мамлекеттин аймагында болуп, энесинин камкордугунда болгон анын уулу 14 жашка чыкканга чейин мыйзамсыз кийинкиге калтырылган.

Сот адилеттигине жатпаган чечимдин натыйжасында соттолгон Х.С.С. камактан бошотулуп, укук коргоо органдарынан качып кеткен.

КР Башкы прокурору тарабынан Жалал-Абад облустук сотунун Э.К.К., М.У.К. жана К.М.М. судьяларына карата чогултулган материалдар боюнча кылмыш иши козголгон жана 2024-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Судьялар кеңеши аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө өтүнүчтү жактырган.

2024-жылдын 23-ноябрында Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен жогорудагы судьялар КР УКМКнын тергөө абагына 1 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости