www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акча которуулар маселеси – Кыргызстан үчүн гана эмес, көптөгөн өлкөлөр үчүн чоң жана маанилүү маселе. Азыр бул көйгөй чечилүүдө, деп Nazar News редакциясына Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, көйгөй бар экени чындык, бирок банктар КРдин мыйзамдарына ылайык иш алып барышат.
«Көптөр КРге акча которууларды токтотууга аргасыз болушту. Анткени алар лицензияларынан ажырап, башка өлкөлөргө которууларды жүргүзө албай калабыз деген коркунучка кабылууда. Бул кырдаалды өзгөртүү үчүн биз механизм ойлоп таптык – ал Соода үйлөрүн ачуу. Алар аркылуу бизнес азыр финансылык операцияларды эч кандай көйгөйсүз жүргүзө алат. Эң негизгиси – бардык документтер алар аркылуу жүргүзүлүшү керек. Бул иштейт экенин так айта алам. Бизнес дээрлик жаңы шарттарга ыңгайлаша алды. Ал эми жарандардын акча которуулары боюнча көйгөй татаалыраак. Жеңилдиктерге жетишип, Кыргызстан үчүн абдан маанилүү болгон бул маселени тез арада чечүү максатында, биз РФтеги кесиптештер менен жана финансылык институттар менен тыгыз кызматташуудабыз.», – деп баса белгиледи Маматалиев.
Эске салсак, бир нече ай мурун Кыргызстандын Улуттук банкынын сунушу менен КРдеги 15 банк Россиядан КРге жана тескерисинче акча которууларды токтотушкан. Бул Россияда эмгектенип, тапкан каражаттарын мекенине жөнөткөн кыргыз жарандары үчүн чоң кыйынчылыктарды жаратты. Россиядагы кыргыз диаспоралары “цыгандык” схемалар аркылуу акча жөнөтүү кеңири жайылып, бул ыкма акчаны жоготуу жана чоң пайыздарды төлөө коркунучун алып келүүдө деп билдиришкен. Бир айдан кийин айрым банктар кайрадан которууларды жандандырышты, бирок жогорку пайыздар менен. Ошондуктан, акыркы убакта мигранттардын башкы өтүнүчү – бул маселени бардык тараптар үчүн пайдалуу жол менен чечүү болуп калды.