www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарында жалган ишкердик менен алектенген бир топ адамдар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарынын бир нече тургундарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренеси (жалган ишкердик) боюнча кылмыш иши козголду.
Аталган облустун аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн текшерүү учурунда болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү операциялар аныкталган.
Иш-чаранын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери тергөөгө алынып, алардын мыйзамсыз аракеттери такталган.
Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фирмалардын контрагенттерине салыктык текшерүүлөр дайындалып, анын жүрүшүндө салыктар кошумча эсептелинет. Тергөө иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg