www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги жаңы конуштарды газдаштырууну тездетүү үчүн Каржы министрлигине насыя берүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, жарандар газдын кымбаттыгынан улам жылытууга кошулбай жатышат.
«Газпром» түтүктөрдү көчөлөргө гана өткөрөт, андан кийин жашоочулар өздөрү үйгө алып келип, от казандарын орнотуп коюшу керек. Анын баасы 60-100 миң сомду түзөт. Биз Каржы министрлигине “Газпромго” акча бөлүп, жаңы конуштарды газдаштырууга насыя берүүнү сунуштап жатабыз. Түтүктөрдү, казандарды чыгарган заводдор менен иштешүү керек. Газпром чыгымдарды газдын баасына кошуп, насыяны Каржы министрлигине кайтарып бере алат», - деди чиновник.
Булак: NazarNews.kg