www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадионунда шаардагы мектеп окуучуларынын  арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Адыл Бакиров билдирди.

Анын айтымында, өткөрүлүп жаткан мелдеш “Нооруз” майрамына карата Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте шаардагы мектептерден түзүлгөн командалардын катышуусунда өткөрүлүп жатат. Агар ар бир мектептен он алтындан окуучу катышууда.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Акимжан Абдурашевдин айтымында, өткөрүлүп жаткан бул мелдеш 2 күнгө созулуп, бүгүн шаардагы 18 мектептин жүз элүүгө жакын окуучулары стадионго келишти. Мелдештин биринчи күнүндө 6-класстан 8-класска чейинки окуучулар катышса, эртең мелдеш жогорку класстардын окуучуларынын  арасында өткөрүлмөкчү.

- Мектеп окуучуларынын арасындагы мындай спорттук мелдештердин өткөрүүнүн негизги максаты, окуучулардын ден-соолугун чыңдоо жана мектептер аралык окуучулардын ынтымакташтыгын бекемдөө болуп саналат дейт, - ал.

Эскерте кетсек, шаардагы борбордук “Курманбек” стадиону өткөн жылы толугу менен реконструкцияланып, резина жолчолору курулган. Бул жерде азыр республикалык жана эл аралык деңгээлдеги жеңил атлетика боюнча мелдештер өткөрүлүүдө.

Булак: "NazarNews.kg"

< Предыдущий

Последние новости