www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак милициясы коӊшу өлкөгө уурдалып өтүп кеткен жылкыларды кайтарып, өз ээлерине тапшырды. Бул туурапуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө Барпы жана Атабеков айыл аймактарынын 4 тургуну арыз менен кайрылышкан. Алар өз арыздарында 5-апрелден 16-майга чейинки аралыкта жылкы жана кара малдарын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдиришкен. Натыйжада арыз ээлерине 645 000 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Бул фактылар Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Сузак районунун аймагында өтүп жаткан «Эктремист» аталышындагы иш-чара учурунда жогорудагы кылмыш иштеринин бети ачылган. Сузак РИИБдин Кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштери жана Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш-иликтөө бөлүмү, ИИМдин Баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кылмыш иштерине шектүү катары Сузак районунун тургундары 1982-ж.т. Ж.А., 1993-ж.т. М.А., 1997-ж.т. Э.Ф. жана Аксы районунун тургуну 1991-ж.т. А.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүлөр уурдалган 2 жылкыны коӊшу Өзбекстан Республикасына өткөрүп жибергендиги аныкталып, Сузак РИИБдин Кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн сүйлөшүү иштеринин натыйжасында жылкылар кайтарылып, ээлерине өткөрүлүп берилди.

Өз кезегинде малдары табылганына кубанып турган жарандар милициянын аракетине жогору баа беришип, ыраазычылыктарын айтышты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости