www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен жактырып, кѳз караштарынын кѳбүнѳ макул болуп жүргѳн жигиттердин бири жакында угармандарына ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрдүн жетишкендиктери, парламенттик шайлоо системасынын артыкчылыктары тууралуу айтып жатып, сѳзүнүн бир жеринде “Сингапурду башкарган Ли Куан Ю деген “диктатор болгон” деди да… анан 27 жыл бою түрмѳдѳ жатып чыккан, Түштүк Африканын атактуу мамлекеттик ишмери, ѳмүр бою апартеизмге каршы күрѳшкѳн Нельсон Мандельдин каны-жаны менен демократ болгонун мисал кыла кетти.

Мен анан, образдуу айтканда, бардык жагынан сазга баткан, эли билимсиз, кылмыштуулук менен коррупциясы гүлдѳгѳн ѳлкѳнү оң жолго салыш үчүн балким Сингапурга чынында эле алгач Ли Куан сыяктуу “катаал” жетекчилик, “катуу кол” керек болгон чыгар, балким мен жаңылышып жаткан чыгармын деп ойлодум. Ушуга байланыштуу Ли Куан жана Сингапур жѳнүндѳ айрым бир фактыларды айта кетейин, ѳлкѳсүн туңгуюктан алып чыккан мамлекет башчысынын “диктатор” же “демократ” болгонун уккандар ѳздѳрү жыйынтык чыгарып алышар.

Элинин 45 пайызы сабаты жок, алтургай жаза албагандыгына жаны кейиген Ли Куан Ю ѳлкѳдѳгү билимдүү үй-бүлѳлѳргѳ артыкчылык берген. Билимсиз эмес, билимдүү үй-бүлѳлѳрдүн балдарын салыктан бошоткон. Ошондо билими жок адамдардын баары балдарын окутууга, билимдүү кылууга умтулушкан.

Бардык тармагынын баарын кылмыш баскан, ууру-кески кѳбѳйгѳн, алдамчылык ѳскѳн, тартипсиз ѳлкѳдѳ ыйман деген калбай калары белгилүү эмеспи. Ли Куан Ю бийликке келери менен Сингапурлуктарды сылык-сыпайы болгонго, кыйкырып-сѳгүнбѳгѳнгѳ, талаш-тартышта бирин бири кемсинтпегенге, сабырдуулукка, чыдамкайлыкка, бирок жагымпоздукка, кошоматчылыкка келгенде келишпестик кылганга, ачык айтып, ак сүйлѳѳгѳ, кѳпчүлүк турган жерде балчылдатып сагыз чайнабоого, алтургай олтуруп кеткенден кийин даараткананын суусун унутпай агызып кетүүгѳ чейин үйрѳтүп, мектептерде сабак катары ѳтүп турган.

Ѳлкѳнүн жаштары, айрым бир атаандаш саясий күчтѳр алгач Ли Куан Юнунун жасаган реформаларына каршы чыгып, оппозицияда болушкан.

1985-жылдан тартып ал Батыштан мыкты билим алып келишкен технократ жаштарды мамлекеттик кызматтарга тарткан.

Жаратылыш байлыгы дегенден эч нерсеси жок Сингапурду элдер “Кудайдын каары тийген, Жараткандын жугундусу тѳгүлгѳн жер” деп аташкан. Мына ушул жерди башкаруунун алгачкы жылдары Ли Куан Ю чынында эле коррупцияга баткан атаандаштарын сотсуз, тергѳѳсүз жазалап, түрмѳгѳ каматкан учуру болгон. Алтургай кайсы бир маалымат каражаттарынын оозун жаап, кѳптѳгѳн журналисттерди кестирип да жиберген.

Бирок, бир ѳзгѳчѳлүгү “Эркин пресса”, “Эркин маалымат каражаттары” дегендердин баарын ѳз керт башын эмес, элинин жана Сингапурдун гана кызыкчылыгы үчүн иштеткен.

Ли Куан Ю элине Израиль ѳлкѳсүнүн ѳнүгүшүн мисалга тартып: “Карагылачы, Израилди, тегерегин ѳзүнүн душмандары болгон араб ѳлкѳлѳрү курчап тургандыгына карабастан, алардын баарынын башынан “секирип ѳтүп” ѳнүгүп жатат деп сүйлѳп: “Биз да ошондой “секирик” жасашыбыз керек!” деп айткан.

Ли Куан Ю кийин бир эскерүүсүндѳ: “Мен Батыштын педагог-методисттеринин “Балдарды уруп окутпаш керек” дегендерин такыр түшүнбѳйм. Мектепте сабак билбегендигим үчүн мугалимдердин менин деле мээме сѳѳмѳйлѳрүн такап, кагып-соккон учурлары болгон, бирок мен андан жаман адам болуп кеткен жокмун” деп жазган.

Сингапурду Ли Куан Ю 49 жыл башкарган. Ал мамлекеттик бийликтин башында туруунун дүйнѳлүк рекордун койгон адам.

Биздин Кыргызстандын калкы—6 млн. деп эсептелет. 73 пайызын кыргыздар, 14 пайызын ѳзбектер түзѳт.

30 жылдан бери ѳнүгѳ албайт келатканыбыздын себептерин ѳзүбүз жакшы билебиз.

Сингапурдун калкынын саны бизден аз же—5,6 миллион. 74 пайызын кытайлар, 13 пайызын малайлыктар түзѳт. Ли Куан Ю 30 жылдын ичинде Сингапурду дүйнѳдѳгү эң эле ѳнүккѳн, бакубат ѳлкѳгѳ айлантып кетти. Ал 92 жашында дүйнѳдѳн кайткан.

Дүйнѳнүн бизден да алсыз, бизден да жакыр жашаган, жери начар, жадагалса ичерге суусу жок, кен байлыктардан кудай айтпаган, элинин кѳбү билимсиз деген ѳлкѳлѳр мыкты башкаруучуга туш келсе ушул 30 жылдын ичинде оңолуп олтуруп, арты бакубат ѳлкѳлѳргѳ, алды дүйнѳнү таң калтырган гүлдѳгѳн ѳлкѳгѳ айланып кеткен мисалдар арбын. Кѳрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер экономикасы начар деген мамлекетти кубаттуу мамлекет кылып кайра курганга 15-20 жыл кенен жетет деп айтышкан экен.

Кыргызстандын ѳз алдынча мамлекет болгондугуна 30 жылдын жүзү болду. 30 жылдан бери ѳзүбүзгѳ ѳзүбүз казып алган чуңкурдан чыгалбай, чыгып бараткандарыбызды, баягы анекдоттогудай буттан кайра чуңкурга тартып түшүрүп келатабыз. Тѳрт президент кетип, бүгүн бешинчиси менен жашап жатабыз. Калыссыздыктын, адилетсиздиктин айынан үч ирет революция болду. Бирок тилекке каршы калыстыкка, адилеттикке умтулган падыша дагы деле келе элек. Качан келери белгисиз. Балким, ушул жолкусунда болуп калгысы бардыр.

Сингапурдун алгачкы премьер-министри Ли Куан Ю 1923-жылдын 16-сентябрында Сингапурда туулган. Сингапур Британиянын колониясынын борбору болгон. Ли Куан Юнун улуту кытай. Ал малай, англис, кытай тилдерин суудай билген. Лондондогу экономика мектебин жана Кембридж университетин кызыл диплом менен бүтүргөн. Эң эле артта калган өлкөнү дүйнөдөгү өнүккөн өлкөгө айлантып, “экономикалык керемет” жараткан мамлекеттик улуу ишмер.

Маргарет Тетчер Ли КУан Ю тууралуу: “Ал эч качан жаңылган эмес” деп бүтүм чыгарган.

Ричард Никсон аны “Дүйнөлүк масштабдагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер” деп атаган.

Дэн Сяопин атайылап Сингапурду көргөнү келип, төрт күн бою баса жатып, Ли Куан Ю менен сүйлөшуп кеткенден кийин Кытайга барып анын жасаган реформаларын “туурап”, Кытайды гүлдөй турган жолго салган, дүйнѳнү дүң кылып ѳнүгүп бараткандыгы үчүн Кытай дал ошол Ли Куан Юга милдеттүү деп айткан.

Дүйнөдөгү коррупциясы жок өлкө кайсыл десе бүгүн сөзсүз бир ооздон Сингапурду мисал кылып көрсөтүшөт. Ли Куан Ю бийликке келген биринчи эле күндөрү коррупцияга белчесинен баткан министрлерди түрмөгө олтургузуп, жегендерин кайра кустуруп, казынага салдырган. Аны “өлтүрүп кетебиз! Кѳзүңдү тазалайбыз!” деген коркутуулар саат сайын, күн сайын болуп турган. Бирок эркинин күчтүүлүгүнѳн, таштай бекем, кылычтай курчтугунан, мамлекетти жеп-ичкендерди аеосуз жазалоо жолу менен акырындап коррупциядан арыла берген. Жазалоону эң биринчи ѳзүнүн кыйбас досторунан баштаган. Алтургай жакын тууганы делген, эң жогорку бийликте иштеп турган эки чиновникти түрмѳгѳ кестирип жиберген. Кыргыздын “туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок” деген сөзү дал ушул Ли Куан Юга туура келет.

Ал минтип айткан: “Эгер сен коррупцияны жок кылгың келсе адегенде эле эң жакын деген үч досуңду камат, алар эмне үчүн камалганын өздөрү жакшы билишет” деп.

Сингапурда бүгүн чоң кылмышкер тургай майда ээнбаштык жасаган шүмшүктѳр да жок. Көчөлөрдөн полицейлерди көрүү дээрлик мүмкүн эмес. Мамлекетти уурдап-тоногондор менен оор кылмыш кылгандарды, гомосексуалисттерди өлүм жазасына тартуучу мыйзам бар. Кылмыш кылгандар дарга асылат же балак менен сабалат. Жазалоонун дал ушундай катаал түрү өлкөнүн өнүп-өсүшүнө өлчөөсүз салым кошуп, өлкөдө темирдей тартиптин сакталышын шарттап келе жатат.

Ли Куан Ю 2015-жылдын 23-мартында, 92 жашында дүйнөдөн кайткан.

Англиянын колониялык чеңгелинен бошоп чыгары менен Малайзия Сингапурду өз аймагынан бөлүп салган. Ата-энесиз, ага-туугансыз, томолой жетим баладай жалгыз калган, аябагандай жакыр жана коррупциялашкан Сингапурду башкарууну колуна алган 31 жылдын ичинде Ли Куан Ю аны дүйнөдөгү эң эле өнүккөн өлкөгө айландыргандыгы менен дүйнѳдѳгү мен-мен деген мамлекеттик дѳѳ-шааларды таң калтырып, алардын урматтоосуна татыган бирден бир мамлекеттик ишмер.

Бүгүн биз мына ушул улуу адамдын “Менин келечек дүйнөгө көз карашым” деген орус тилинде жарык көргөн китебинин айрым жерлерин окурмандарга кыргызча которуп сунуш кылып жатабыз.

Балким коррупциялашкан мамлекет үчүн мунун кереги жок болушу мүмкүн. Бирок карапайым калктын канын соргондорду жети желмогузундай жек көргөн, 27 жылдан бери мына ушул ажыдаарлардын алкымынан чыгалбай келаткан элибиз, айрыкча интернет менен азырынча анча тааныштыгы жок элет эли муну сѳзсүз окуп-билүүгө тийиш. “Үмүтсүз шайтан” деген эмеспи, балким келечекте бизден да Ли Куан Ю сыяктуу чыныгы мамлекеттик ишмер чыгып калгысы бардыр.

Кыргызчага которгон Шайлообек Дүйшеев

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости