www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Кочкор районуна 24-25-майда эки күн кар жаап, жайлоодогу малга чөп-жем жетпей жатат.

Өзгөчө Дөң-Алыш, Комсомол, Чолпон айылдарынын малчылары чыкан Бучук, Ак-Бел, Каракол, Муздак, Сөөк сыяктуу бир топ жайлоолордо жааган кар калың түшүп, малга тоют жетпей, мал-жандыктар чыгымга учурай баштады.

Ансыз да күн суук болуп, жаңы гана жайлоого кеткен арык малдарга тоют жеткирүү түйшүк жаратууда. Бир түк чөптүн баасы 450 сомго чыгып, кымбат болууда.

Учурда канча мал өлгөнү боюнча так маалымат жок. Кар кете элек.

Жергиликтүү калк, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жайлоодогу малчыларга тоют жеткирип берүү жагын өтүнүп жатышат.

Малга салык салыш керек дегендер, ушундай учурда жардамга кол сунуп, бергиле деп эле сукулдашпай, мал кандай түйшүк менен багыларын билишсе кана...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости