www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армения менен Азербайжан бири-биринин аймактык бүтүндүгүн таануу боюнча макулдашты. Бул тууралуу армян премьер-министри Никол Пашинян ЕАЭБ кеңешинин жыйынында билдирди.

Пашинян Ереван бардык транспорттук жана экономикалык коридорлорду, ошондой эле Азербайжан менен аймактык коммуникацияларды ачууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде азери президенти Илхам Алиев Армения Тоолуу Карабакты Азербайжандыкы деп таанууга даяр экенин билдиргенин белгилеп, Ереван менен алакаларды оңдоо үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты. Мындан тышкары ал Азербайжандын Арменияга карата эч кандай аймактык дооматы жок экенин белгиледи.

22-майда Никол Пашинян Армения Тоолуу Карабакты Азербайжандын бир бөлүгү деп таанууга даяр экенин айтып, бирок бул үчүн Баку аймакта жашаган этникалык армяндардын коопсуздугун камсыздашы керектигин белгилеген.

Армения менен Азербайжан отуз жылдан ашуун убакыттан бери Тоолуу Карабактын айынан кармашып келет. Соңку айлардагы кагылышууларга карабай, Баку менен Ереван тынчтык келишимине кол коюуга кызыкдарлыгын билдиришүүдө.

2020-жылы эки өлкөнүн ортосундагы алты жумалык куралдуу жаңжал Москванын арачылыгы менен токтогон. Бирок келишим туруктуу тынчтыкка алып келген жок, чыңалуу кала берүүдө, зордук-зомбулук кадимки көрүнүшкө айланды.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын бир бөлүгү деп тааныган, бирок этностук армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу Карабакта Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү жайгашкан.

АКШ жана Евробиримдик да эки тарапты ортодогу жаңжалды туруктуу жөнгө салууга үндөп келатышат.

1-майда Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери АКШнын ортомчулугу менен Вашингтондо жолуккан

Последние новости