www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадыр Кошалиев Курултайдын төрагалыгынан кетти

Коомчулуктун ачуу сынынан кийин, Кадыр Кошалиев Курултайдын төрагасы ордун бошотуп бергенин өзүнүн Фейсбук баракчасына бөлүштү. 

Бул тууралуу төмөндөгүдөй пикирин калтырган:

 — Ардактуу мекендештер, кутмандуу курултайчылар! Биринчи Элдик Курултайдын делегаттары бекиткен Регламенттин 5-главасындагы төраганын ыйгарым укуктары жөнүндөгү талаптарга ылайык менин тегерегимдеги маселелерди делегаттардан жана адистерден турган комиссия тактаганга чейин Курултайдын Аксакалдар кенешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын убактылуу орун басарым Бейшенбек Абдразаковго өткөрдүм. 

Азыр интриганы токтотуп, ишке маани берели.. "Элдик курултай жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышына салым кошолу. Менин элге ачык айта турган сөздөрүм али алдыда...

Баарыныздарга бакубатчылык, ынтымак-биримдик каалайм, - деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости