www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев

УКМКнын төрагасы буга чейин соцтармактагы баракчасына пост жазып, убактысы өтө аз калганын билдирген эле. Камчыбек Ташиев журналисттин суроосуна жооп берип жатып, эмне үчүн убактысы аз калганын айтты.

«Мен жазган маалымат эки ача пикир калтырышы мүмкүн эмес. Биз буга чейин деле иштерди аткарып келгенбиз, бирок жабык түрдө аткарып келгенбиз. Мага ушул суроону көп беришти. «Эмне үчүн убакыт аз калды? Эмнеге аз калды? Жеке өзүңүз жөнүндө айтып жатасызбы?» дешти. Ооба, мен жеке өзүм тууралуу айтып жатам. Себеби, бул баары жумуш менен байланыштуу. Жеке турмушумду коомчулукка чыгара албайм. УКМКны башкаруу убактысы менде азайып жатат. Бул жерде түбөлүк отурбайм да. 10-15 жыл отурбайм. 2,5 жыл өтүп кетти. Биз шашышыбыз керек. Бирок мен отурган убакытта көп нерсеге үлгүрүшүм керек. Күндөн күнгө күн азайып жатат», — деди ал

Последние новости