www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Малыматка ылайык, облустук үйбүлөлүк дарыгерлер борборунун жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен кант диабетине чалдыккан жарандар үчүн алынып берилген медициналык жабдуулар жана дарыдармектердин ичинен 761 миң 760 сомдук дары-дармектерди сатышканы аныкталган.
«Келтирилген материалдык зыяндын 600 миң сому мамлекеттин пайдасына өндүрүлүп, Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары И.Э. Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен айыпталып, кылмыш иши соттун кароосуна жиберилди», - деп билдирди прокуратура.
Булак: NazarNews.kg