www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин бир катар ЖМКлар 4-июлда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин үстүнөн жергиликтүү тургун арыз жазганын жазып чыгышкан. Журналисттердин маалыматына ылайык, “Тагай Бий” мончосунда 3-июлга караган түнү чыр чыгып, Тагаев бир тургунду сабаган.

Окуя болгон күнү “Малина ТВ” ютуб каналы тасма жарыялап, анда шаардык оорукананын травматология бөлүмүнүн жетекчиси Кулмамат Капаров сабалды делген тургун жардам сурап кайрылганын тастыктап берген.

“Бизге 1987-жылы туулган тургун келип кайрылган. Бейтаптын жана туугандарынын айтымында окуя шаардагы “Тагай Бий” мончосунун жанында болгон. Аны өзүнүн таанышы урган экен”,- деп айткан Капаров.

Ал эми мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков шаар башчысы тургунду сабады деген маалымат жалган экенин айткан болчу. Эгер окуя мончодо болсо, анда сабаган да, сабалган адам да чогуу болушкан жана алар эс алып жатышкан болушу мүмкүн.

Баса, мындан мурда да М.Тагаев мэриянын имаратына кирген бир улгайган аялды сабабаса да, булкулдатыпжулкулдатып, орой мамиле жасагандыгы тууралуу маалымат тарап, коомчулукту дүң кылган болчу. Ал жоругун М.Тагаев кайсы бир жыйынга шашылып жаткандыктан, өзүнө жолугуу үчүн келген апасындай эжени кагып-силкип салгандыгын моюнга алгандай болгон.

Эмнеси болсо да бул чиновник этика сабагын окуш керек экен.

Булак: “Майдан. kg”

 

Последние новости