www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элмира Сатыбалды кызы Токмок шаарынын тургуну. Жогорку билимдүү, Эл агартуунун отличниги, 28 жыл билим берүү тармагында эмгектенген. Өзүнүн тубаса касиетин илим аркылуу изилдеп чыгып, көзгө көрүнбөгөн улуу күчтөр менен күрөшүп, жашоодогу ак жана кара күчтөрдүн бар экендигине ынанып келет.

Тубаса касиети бар Эльмира айымга NazarNews. kg кабарчысы Нуриза Молдошова бир нече саясатчыларды келечекте кандай абал күтүп турат? – деген сурообузга жооп алып кайткан.

--Элмира айым, кезектеги сурообуз Атамбаевдин камчысы менен темир тордун артына кеткен Өмүрбек Текебаев тууралуу айтып берсеңиз.

--Текебаевдин өтө эрки күчтүү. Тилекке каршы саясатта өчтү. Жан дүйнөсү оттой жанып турган энергиясы жок. Бул киши учурда көп китеп окуп атат, келечекте  мемуарларды жазат. Учурда көп саясый макалаларды жазып жатат. Өзүн күнөөлүү эмесмин деп ойлонот. Камактан чыгат, бирок азыр эмес күзгө же кышка жакын. Текебаев камактан чыккандан кийин Алмазбек Атамбаевди кагаз түрүндө талкалайт. Атамбаевдин камалашына Текебаев зор салымын кошот. Алмазбек Атамбаевдин көп сырларын Текебаев ачыкка чыгарат, бул киши тарыхта калат.

Нуриза Молдошова, NazarNews.kg

Последние новости